Биз менен байланышыңыз

Кайгуул кызматынын унааларынын катышуусу менен 7 жол кырсыгы болгон

Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 676 | 0

Учурда Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызматында 554 кызматкер иштеп, унаа каражаттарынын саны 80ди түзөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, Кайгуул кызматынын кызматкерлери 2019-жылдын 31-октябрынан тарта 102 кызматынан түшкөн 7 миң 885 чакырыкка барышкан.

Алардын ичинен 5 миң 482 чакырык такталса, 2 миң 403ү такталган эмес. Кайгуул кызматынын кызматкерлери издөөдө жүргөн 8 шектүүнү кармашкан. 544 кылмыштын бети ачылды. Жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча 6 миң 763 протокол түзүлгөн, — деди ал.

Учурда Кайгуул кызматы Бишкектин 4 районунда иштеп жатат.

Кайгуул кызматы ишке кирген 2019-жылдын 31-октябрынан тарта аталган кызматтын унааларынын катышуусу менен 7 жол кырсыгы болгон.

2 жол кырсыгында Кайгуул кызматынын кызматкерлери күнөөлүү болгон. Жол кырсыгында унаа жабыркаган учурда, анын чыгымын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жабат.Ккийин ал чыгым ошол кызматкердин жеке эсебинен кайтарылат. Жол кырсыгынын 5 учурунда кызматкерлердин күнөөсү болгон эмес.

Copyright © 2017 Maral FM