Биз менен байланышыңыз

Коменданттык сааттын шартын бузган 99 жаран кармалды

Кыска кабар | 5 Апр 2020 | 454 | 0

Өткөн түндө коменданттык сааттын шартын бузган 99 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкек шаары боюнча — 84, Ош шаары боюнча — 11, Сузак районунда — 2, Кара-Суу районунда — 2 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми Жалал-Абад шаарында жана Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

«Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 1866 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилген«, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыктарына ылайык, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилип, саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Copyright © 2017 Maral FM