Биз менен байланышыңыз

Улан Жумаков: Мыйзам Айзада Канатбекованы издөөгө тоскоол болду

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 4663 | 0

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Улан Жумаков колдонуудагы мыйзамдар жана бюрократия милиция кызматкерлерин уурдалган Айзада Канатбекованы өз убагында сактап калууга жолтоо болду деп эсептейт. Бул тууралуу ал өзүнүн жеке пикирин «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, оор кылмыштар үчүн ыкчам кызматтын кызматкерлерине уюлдук байланышка чыгууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек. Бул бюрократия ыкчам кызматтын кызматкерлеринин колун байлап жатат. Алар тергөө кызматынын буйругу жок эч нерсе жасай алышпайт. Протокол, эч кандай документ түзө алышпайт.

Тергөө боюнча тапшырма алып же тергөөчүнүн өзү келмейинче, жадагалса окуя болгон жерге текшерүү да жүргүзө албайт. Буйрук келишин күтүп отуруу керек болот. Тергөөчүлөр болсо кодекстерге өзгөртүүлөр киргизилгенден бери ар биринин иштери көбөйдү.

Ошондой эле уюлдук компаниялардан тиешелүү маалыматты алуу үчүн соттун санкциясын алуу керек. Мындан сырткары прокурор кол коймоюнча, ишти сотко өткөртүү кыйын.

Ал убакта кылмышкерлер көздөгөн максатын толугу менен ишке ашырганга жетишет. Бардык кодекстер жана мыйзамдар көптөгөн бюрократияны пайда кылды.

Мындан сырткары ал Айзада Канатбекованын өлүмүн ата катары жан дүйнөсү эзилүү менен кабыл алганын билдирип, анын жакындарынан, ата-энесинен аны сактап кала албагандыгы үчүн кечирим сураган.

Copyright © 2017 Maral FM