Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Эң башкысы — жарандардын милицияга болгон ишенимин кайтаруу

Кыска кабар | 31 Окт 2019 | 707 | 0

«Азыр башкы талап — бул коомдук тартипти сактоо, жарандар менен эффективдүү мамиледе болуу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо, алар менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту бекем сактоо. Эң башкысы — жарандардын милицияга карата ишенимин кайтаруу», — деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-октябрда, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жаңы санариптешкен командалык борборуна барган учурунда.

Мамлекет башчысы 2018-жылдын июлунда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда жол коопсуздугун камсыз кылган милициянын түзүмдүк бөлүмдөрүн реформалоо боюнча сунуш келип түшкөнүн эске салды.

Президент пилоттук долбоорду ишке ашыруу жол коопсуздугун камсыздаган милиция кызматкерлерине карата нараазычылыктарды эске алуу менен пилоттук долбоорду ишке ашыруу башталганын баса белгилеп, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин аталган долбоор Бишкек шаарын толук камтый турганын кошумчалады. Келерки жылы Ош шаарында жана андан кийин өлкө боюнча ишке ашырыларын кошумчалады.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев маалымдагандай, борбор жарандарга ыкчам маалыматтарды берүүнү камсыз кылып, кылмыштын бетин ыкчам ачууну жогорулатат.

Жарандардын өздүгүн аныктоо жана жүзүнөн таануу системасы, анын ичинде издөөдө жүргөн жана бул технологияларды колдонуу менен таанылган жаранды кармоо көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, гранттык каражаттарды тартуунун эсебинен Бишкек шаарында жүзүнөн таануу системасы менен 20 видеокамера орнотулду жана бүгүнкү күндө борбордун коомдук жайларында иштеп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM