Биз менен байланышыңыз

Юристтердин күнүнө карата акысыз юридикалык жардам берилет

Кыска кабар | 25 Июн 2019 | 384 | 0

Юристтердин күнүнө карата өлкө боюнча юристтер тобу жарандарга акысыз кеңештерди берет. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, июндун соңку жекшемби күнүндө Кыргызстанда Юристтер күнү белгиленет. Аны утурлай 26-июнда калк үчүн акысыз укуктук-кеңештик жардам өнөктүгүн өткөрүү чечими кабыл алынды.

Иш-чаранын максаты – сот адилеттүүлүгүнө жетүүнү жакшыртуу, калктын укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат.

Иш-чарага министрликтин алдындагы кепилденген мамлекеттик юридикалык жардамды координациялоо борборунун кызматкерлери, башка мамлекеттик органдар, Акыйкатчынын аппаратынын өкүлдөрү катышмакчы.

Бишкекте иш-чара «Азия Молл», «Дордой Плаза» жана «Аю Гранд» соода борборлорунда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM