Биз менен байланышыңыз

Эл аралык кылмыш соту чек ара боюнча кыргызстандык юристтердин кайрылуусун каттады

Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 1473 | 0
Автор: Айпери Жумабай кызы

Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиеванын Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна Тажикстандын аскер кызматкерлери жана башкы командачылары Кыргызстандын калкына каршы аскердик кылмыштарды кылганы үчүн тергөө ишин баштоо өтүнүчү боюнча кайрылуусун (communication) кечээ, 14-июнда каттады. Каттоо жөнүндө тастыктоочу кат алганын Сания Токтогазиева өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кайрылуу 6-июнда жиберилген болчу.

Эске салсак, 28-апрелде Баткен районунун чек арада жайгашкан Көк-Таш айылында Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына тажик тараптын видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотуусу менен башталган чыр 29-апрелдин кечинде тажик тараптын Баткен облусунун Лейлек районуна куралдуу кол салуусу менен уланган. Чек арадагы абал 1-май күнү түштөн кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жолугуп, протокол кабыл алышкандан кийин гана турукташкан.

28-29-30-апрелде Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болуп, 154 адам жаракат алган. Учурда реанимацияда жаткан бейтаптар палатага которулуп, абалдары канааттандырарлык деп бааланууда. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган. Ал эми Тажикстан тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды.

Токтогазиева Баткен окуясын тергөө үчүн эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу жолдоду

Copyright © 2017 Maral FM