Биз менен байланышыңыз

Токтогазиева Баткен окуясын тергөө үчүн эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 6 Июн 2021 | 1955 | 0

Бүгүн, 6-июнда Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева Эл аралык Кылмыш Сотунун Прокуроруна Тажикстандын аскер кызматкерлери жана башкы командачылары Кыргызстандын калкына каршы аскердик кылмыштарды кылгандыгы үчүн тергөө ишин баштоо өтүнүчү менен кайрылуу (communication) жөнөттү. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна карылуу учурунда Кыргызстандын укук коргоо органдары эч кандай жардам көрсөтүшкөн эмес.

«Биздин укук коргоо органдары (УКМК, ИИМ жана Прокуратура) Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу учурунда эч кандай жардам бербегендигин өзгөчө белгилеп кетким келет. Тескерисинче, алар кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартышты. Бирок башка өлкөлөрдө эл аралык сотторго мамлекеттик органдар кайрылууга милдеттүү. Алар өз милдеттерин аткаруунун ордуна, кайдыгер эмес жарандарга тоскоолдуктарды жаратышат , — деп жазган Токтогазиева.

Ошондой эле ал маалымат чогултууга жана кайрылууну жазууга жардам берген жарандарга ыраазычылыгын билдирген.

Эске салсак, 28-апрелде Баткен районунун чек арада жайгашкан Көк-Таш айылында Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына тажик тараптын видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотуусу менен башталган чыр 29-апрелдин кечинде тажик тараптын Баткен облусунун Лейлек районуна куралдуу кол салуусу менен уланган. Чек арадагы абал 1-май күнү түштөн кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жолугуп, протоктол кабыл алышкандан кийин гана турукташкан.

28-29-30-апрелде Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болуп, 154 адам жаракат алган. Учурда реанимацияда жаткан бейтаптар палатага которулуп, абалдары канааттандырарлык деп бааланууда. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган. Ал эми Тажикстан тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM