Биз менен байланышыңыз

Улукбек Марипов юристтерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 351 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов юристердин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын юристинин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Улукбек Марипов өз куттуктоосунда юристтерди кесиптик майрамы менен куттуктап, чын ден соолук, бакубат жашоо жана кесиптик ийгиликтерди каалады.

Анын айтымында, юрист кесиби коомдун жана мамлекеттин бардык чөйрөсүнө тиешеси бар болгондуктан, ар дайым эң ардактуу, маанилүү жана жооптуу кесип катары эсептелип келет.

«Быйыл Кыргызстан көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилейт. Өлкөбүз суверенитетке ээ болгон биринчи жылдардан тарта юристтер кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жашап кетүүсүн жана биздин коомдо мыйзамдуулук процесстерин камсыздаган жаңы укуктук системаны калыптандырууда негизги ролду ойногон. Бүгүн да сиздер өлкөбүздө мыйзамдуулукту өркүндөтүүгө жана укуктук системанын бекемдөөгө салым кошууну улантып, жарандардын кызыкчылыктары менен укуктарын коргоп, калктын укуктук сабатын жогорулатууга көмөктөшүп жатасыздар» , — деп айтылат куттуктоосунда.

Ошондой эле ал мыйзамдардын так аткарылышы, ар бир адамдын укугу менен эркиндигинин корголушу, мамлекеттик реформалардын ийгиликтүүлүгү юристерден көз каранды экендигин белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM