Биз менен байланышыңыз

Мирзахмедов: Сууга чөккөндөрдү издөөдө каражат алынбайт

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Июн 2019 | 421 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов «Марал» радиосуна берген маегинде сууга чөккөндөрдү издөө иштери үчүн каражат алынбай турганын билдирди.

Анын айтымында, суучулдар эс алуучуларды атайын сууга чөктүрбөйт. Алар аман сактап калууга аракет кылышат.

Пансионат, эс алуу жайларынын суучулдарын Мамэкотехинспекция көзөмөлдөйт. ӨКМ түшүндүрүү иштерин гана жүргүзөт.

15-июлдан тарта көлдөрдүн жарылуу коркунучу күчөйт.

«Күн ысыганда тоонун башындагы көлдөрдүн жарылуу коркунучу бар, абал кооптуу болуп турат. Аларга жеринде көзөмөл жүргүзүлөт, эгерде суунун деңгээли көтөрүлсө, агызуу жолу менен азайтууга туура келет. Ошондой эле, көлмөлөрдө балырга тушалып калып чөгүп кетүү коркунучу бар. Мындан улам, сезон башталарда көлмөлөрдү балырдан тазалаш керек. ӨКМ тарабынан сезон алдында көлмөлөргө текшерүү жүрөт. Уруксат берилбеген көлдөр да бар. Мындай жерлерге жергиликтүү бийлик эскертүүлөрдү илип жатат», — дейт Мирзахмедов.

Copyright © 2017 Maral FM