Биз менен байланышыңыз

Масалиев: Атамбаев шайлоодо ийгиликке жетиши ыктымал

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июн 2019 | 553 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө тартиптүү жолушу өттү. Иш-чарада Атамбаевдин жакындары чогулуп, пикир алмашты. Андан коркуунун кажети жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын баамында, Атамбаев курал боюнча ачуулукка берилип айтып алды. Бирок ал үлгү болуп, укук коргоо органдары чакырса, барып жооп бериши керек. Учурда болуп жаткан ызы-чуу Атамаевге бекер жарнама болуп берүүдө.

«Шайлоо маалында көпчүлүктөн «ушул байкушту бир нерсе кылалы, абдан кыйнашты, добуш берели» деген сөз чыгышы мүмкүн. Ага кошумча, каражат берилсе ийгиликке жетиши ыктымал», — дейт Масалиев.

Эске салсак, 22-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары анын Кой-Таштагы үйүнө чогулушкан болчу. Анда Атамбаев ага эки-үч жумадан бери Чүйдүн жигиттери келип жаткандыгын, өзүн-өзү коргоп көнгөндүгүн жана эч кимдин коргоосуна муктаж эместигин, өзүнүн курал-жарагы бар экендигин айткан болчу.

Атамбаевдин мындай билдирүүсү интернет барактарында кызуу талкуу жараткан.

Copyright © 2017 Maral FM