Биз менен байланышыңыз

Жазаларды аткаруу кызматында ири өлчөмдөгү коррупция фактысы аныкталды

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 429 | 0

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 түзөтүү жайында өлкө казынасына өзгөчө ири өлчөмдө зыян алып келген факты аныкталды.

Бул тууралуу ЖАМКтын маалымат кызматыы билдирди.

Мындай көрүнүш жазаларды аткаруу тутумундагы коррупцияга каршы күрөшүү иш чараларынын жүрүшүндө ички аудит бөлүмү менен ички иликтөө кызматынын биргелешкен текшерүүсүндө ачыкка чыкты.

Маалыматка ылайык №27 түзөтүү жайынын мурдагы эсепчилери О.А. жана Б. А. мамлекеттик бюджетке 2 млн 42 миң 717 сом зыян алып келген.

Кызматтык иликтөөнү жүрүшүндө айыпталгандар келтирилген чыгымдын бир бөлүгүн, тактап айтканда 340 миң сомун кайра төлөшкөн.

Бул боюнча чогултулган материалдар ЖАМКтын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилип, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Copyright © 2017 Maral FM