23-июнда Түркиянын Стамбул шаарынын мэрин кайра шайлоо өттү. Анда «Респуликалык кыймыл» партиясынан талапкер Экрем Имамоглу жалпы добуштун 54%ына ээлик кылып, жеңишке жетти.
Бийликтеги “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” (АК) партиясынан көрсөтүлгөн Биналы Йылдырым 45% добуш алды. Экөөсүнүн ортосунда 780 миң добуш айырма болду.
Белгилей кетсек, 31-мартта Стамбулда шайлоо өтүп, анда Экрем Имамоглу Йылдырымды 13 миң добуш айырма менен жеңген.
Шайлоонун жыйынтыктарына нааразычылыктар жана шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам Борбордук шайлоо комиссиясы 6-майда 23-июнда шайлоону кайра өткөрүү боюнча чечим чыгарган болчу.
адик
08.07.2019 19:25
Адилеттулук ордун тапты корунот. Стамбулда чон акча айланганы белгилу, бийлик партиясы бул макамды жоготкусу келбегендиги ортодо, ошол себептен кайрадан шайлоо откоруп женуну пландаганынын жыйынтыгы женилу менен коштогону элдин бйиликке мындан ары ишенбестигин корсотуп турат.