Биз менен байланышыңыз

Япония: Жапон-Борбор Азия форуму өттү

Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 680 | 0

Бүгүн, 21-июнда Токио шаарында курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери боюнча биринчи Жапон-Борбор Азия форуму өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Форумга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, депутаттар Курманкул Зулушев, Салайдин Айдаров, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов катышты. Анда климаттын жана биологиялык ар түрдүүлүктүн өзгөрүшү, калдыктарды башкаруу, суунун жана абанын булганышы боюнча жагдайлар талкууланды.

Ошондой эле, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов иш сапардын алкагында Япониянын Айлана-чөйрө министри Ё.Харада жана Тышкы иштер парламенттик вице-министри К.Ямада менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жапониянын Айлана-чөйрө министри Ё.Харада менен жолугушууда эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү, экология, калдыктарды башкаруу жана радиациялык коопсуздук тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Ошону менен бирге Кыргызстанда курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери боюнча II Жапон-Борбор Азия форумун өткөрүү демилгеси көтөрүлдү.

Экономикалык кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө тараптардын эки жактуу кызыгуусу баса белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM