Биз менен байланышыңыз

Мыйзамсыз курал сатууга аракет кылган жаран кармалды

Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 552 | 0

Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкерлери ок атуучу куралды мыйзамсыз сатуу аракетин аныкташты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Криминалдык милиция кызматына ок атуучу куралды мыйзамсыз сатуу аракетин көрүп жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Атайын операциянын жүрүшүндө, ушул жылдын июнь айынын ортосунда Кара-Балта шаарынын жашоочусу, 1986-жылы туулган Ш.С. аттуу жаран кармалып, далилзат катары «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү кесилген мылтык алынды.

Азыркы учурда Чүй облусунун Жайыл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан ок атуучу куралды сатуу фактысы боюнча сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM