Биз менен байланышыңыз

Экс-мэрлердин сотунда айыпталуучунун абалы начарлап, «Тез жардам» чакырылды

Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 561 | 0

Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда судья Кубанычбек Касымбековдун төрагалыгы астында экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат.

Соттук процесстин жүрүшүндө айыпталуучу Сейиткан Алиевдин ден соолугу кескин начарлап, «Тез жардам» чакыртылганы кабарланды.

Белгилей кетсек, экс-мэрлер жана алар менен иштешкен бир катар жарандар «коррупция» беренеси боюнча айыпталууда. Тактап айтканда, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушунда, «Дастан» ишканасында, муниципалдык жерлерди берүүдө мыйзамсыз аракеттерге барган деген кине коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM