Биз менен байланышыңыз

«Экс-президенттер: «Көрбөй, билбей, укпай калдык», — деп актанат»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Июн 2019 | 559 | 0

ЖЭБ маселесинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күнөөсүн далилдөө оор. Анткени, келишимдерге башка адамдар кол койгон. Бул тууралуу Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев өзү катышкан кылмыштар далилдениши мүмкүн.

«Экс-президенттердин баары: «Көрбөй, билбей, укпай калдык», — деп актанат. Бирок билип туруп жасаган иштери да көп. Айта кетчү жагдай, Кыргызстанда 1990-2000-жылдары байыган адамдар таза эмес. Баары эле коррупциялык схемаларды колдонушкан.  Ошондуктан, кол тийбестик Атамбаевдин президент болуп тургандагы аракеттерине гана тийиштүү. Бул жагынан бир топ мыйзамсыз иштер, кылмыштар чыгышы мүмкүн», — дейт Сооронкулова.

Анын баамында, дүйнөлүк лидерлер мурдагы кесиптештерине жан тартпайт.

Сооронкулова мындан сырткары, президент Сооронбай Жээнбековдун таасири мурдагы өлкө башчылардай ачык байкалбай турганын айтты. Атамбаев бийликте турганда Президенттик Аппарат өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн мыйзам сунуштаган учурлар болгонун билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM