Биз менен байланышыңыз

«Атамбаевди макамынан ажыратуу токтому шашылыш кабыл алынды»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Июн 2019 | 680 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу боюнча токтом шашылыш кабыл алынды. Анткени, корутунду толук кандуу болбой, бир топ нерселер сыртта калды. Мындай пикирин Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевдин күнөөсүн далилдөө депутаттык комиссиянын милдети эмес. Аны укук коргоочу органдар аткарышы керек. Негизинен корутундуда жүйөлөнгөн негиздер бар.

«Эми Башкы прокурор корутундуну иликтеп, ЖКга өзүнүн корутундусун жиберет. Парламент эки корутундунун негизинде Атамбаевди макамынан ажыратуу маселесин карайт. 3 айдын ичинде аракеттер ишке ашпаса, кылынган күнөөлөр четке кагылат», — дейт Сооронкулова.

Ал мындан сырткары, Атамбаев кандайдыр бир функция аткарбагандыктан, ага кол тийбестик, өзгөчө артыкчылыктардын кереги жок экенин белгиледи.

Сооронкулова кошумчалагандай, «Кыргызстандын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө парламент өзүнө татаалдык жаратып койгон. Анткени, учурдагы президентке караганда экс-президентти жоопко тартуу оор.

Copyright © 2017 Maral FM