Биз менен байланышыңыз

МАГАТЭ Кыргызстан менен натыйжалуу кызматташууга даяр

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 544 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директорунун орун басары Ян Дачжу менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Техникалык кызматташуу программасы боюнча Кыргызстанга уюм тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев азыркы учурда өзөктүк медицинанын, брахитерапия жана нур терапиясына тиешелүү жана лабораторияларды бекемдөө, үй жандыктарынын дарттарын жана тамак-аш азыктарын тестирлөө системасын жакшыртууга багытталган эки мыйзам иштелип чыкканын билдирди.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директорунун орун басары Ян Дачжу өзүнүн Кыргызстанга болгон биринчи сапарына, Өкмөт башчы менен жолугушуусуна кубанычта экендигин билдирди.

«Биз республиканын туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө, өзөктүк илимге жана технологияларга болгон кызыгуусун алдыга жылдыруусун канааттануу менен баса белгилей алабыз. МАГАТЭ Кыргызстан менен натыйжалуу кызматташууга жана өнөктөштүк мамиле түзүүгө даяр», — деди Ян Дачжу.

Ошондой эле, жолугушууда тараптар бир катар маанилүү маселелер боюнча пикир алмашышты.

Copyright © 2017 Maral FM