Биз менен байланышыңыз

Иманалиев: Атамбаевди камайбыз же тарайбыз…

Саясат | 19 Июн 2019 | 1531 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу аракети менен парламенттин да тагдыры чечилет. Эгерде депутаттар мурдагы мамлекет башчынын жоопко тартылуусун колдоп бербесе, парламент таркашы керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев билдирди. Ал эми саясий серепчилер: «Парламент буга чейин башка маселени кароодо добуштарын сатып келишкен», — деп, ишениминин төмөндүгүн көргөзүшкөнүн белгилешет.

Жогорку Кеңештин атайын комиссиясынын экс-президент Алмазбек Атамбаевге айып таккан корутундусу парламенттин кароосуна жөнөтүлгөн. Эгерде парламент түзүлгөн комиссиянын экс-президентке карата койгон дооматтарын 80 добуш менен колдоп бербесе, анда өздөрүн таркатканга туура келет. Мындай пикирин аталган комиссиянын төрагасы, ЖК депутаты Каныбек Иманалиев билдирди. «Анткени, саясий багыттан алып караганда, Атамбаев тарабынан бир топ эле мыйзам бузуулар болгон», — дейт Иманалиев.

— Биз мындан кийин сессиянын, Башкы прокуратуранын саясий эркин күтөбүз. Андан соң дасыккан иликтөөчүлөрдү күтөбүз. Алар бир жылдабы же эки жылдабы, бул иштин аягына чыгышы керек. Эгер бир жуманын ичинде ушул маселе добушка коюлуп, 80 добуш ала албай калса, анда парламенттин таркоосуна туура келет. Себеби, алар өзүлөрү демилгелеген маселенин аягына чыга алышкан жок.

Ал эми саясат талдоочу Табылды Акеров: «Экс-президентке карата оңой доолор коюлган жок. Демек, комиссиянын бир билгени бар», — деп эсептейт. Эгерде тиешелүү добуш ала албай калса, азыркы парламенттин мындан ары иш алып баруусунун кажети жок экенин айтып, буларга токтолду:

— Коомчулукта резонанс жаратып жаткан Атамбаевдин кол тийбестик артыкчылыгын алуу боюнча маселеде бардыгы ачык болушу керек. Көрүп, окуп жатабыз, түзүлгөн комитет болушунча эле иш алып барып жатат. Менин оюмча, эгерде аталган дооматтарды парламент колдоп бербесе, анда алар кетиши керек. Эмне үчүн анда өлкөнүн ар багыттуу иштерин алып барып жатышат?..

Буга чейинки жана учурдагы парламент чөнтөгү үчүн бардык маселени колдоп берет. Мындай пикирин саясат таануучу Алмаз Тажыбай «Маралга» билдирди. Бирок экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө артыкчылыкты эл өкүлдөрү колдобой койсо эле, парламент өз алдынча тарап кете албайт. Бул маселени парламент өздөрү добушка коюусу керектигин, болбосо президент гана чечим чыгарууга укуктуу экенин кошумчалады Тажыбай.

— Добуш албай калса эле, парламент чачырайт дегенден алысмын. Себеби, ал жакта 120 депутат бар. Бардыгы бул маселени жыйынга алып чыгып, добушка коюшу керек. Же болбосо, өлкө башчы гана маселеге чекит коюп, бир жыйынтык чыгара алат.

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуу үчүн кол тийбестигинен ажыратуу маселесин 18-июнда Жогорку Кеңештин эки комитети удаа карап, дароо макулдугун берген болчу. Ал эми кол тийбестик боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын корутундусун адегенде ЖКнын Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети караган. Ал эми Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде маселе талкууланган. Аталган иш эми парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат

Copyright © 2017 Maral FM