Биз менен байланышыңыз

6-июлда Чүй облусунда «Кара-Булак Trail Fest» марафону өтөт

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 488 | 0

6-июлда Чүй облусунда «Кара-Булак Trail Fest» марафону өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Марафон коомчулукту спорт менен дайыма машыгып турууга чакыруу, Кыргызстандын таза абасы менен жаратылышынын кооздугун даңазалоо, эл аралык туризмди жана достукту бекемдөө жана туристерди тартуу болуп саналат.

Спорттук иш чарага Германия, АКШ, Австралия, Орусия, Казакстан, Польша, Чехия, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбалуу спортчулары жана спорт ышкыбоздору катышмакчы.

Катышуучулар «Кашка-Суудан» лыжа тебүү базасынан баштап, «Кара-Булак ECO-RESORT» эс алуу жайына чейин чуркашат.

Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланат.

Copyright © 2017 Maral FM