Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын мектептери мурдагыдан коопсуз болот

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 511 | 0

Кыргызстандын мектептери мурдагыдан коопсуз болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, министрлик 2018-2019-жылы Конрад Аденауэр атындагы фонд жана БИОМ экологиялык кыймылы менен биргеликте мектептерде коопсуздукту күчөтүү ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзгөн.

Талаптар бир катар параметрлердин негизинде коюлган: физикалык жактан – имараттар, экологиялык жактан – жашылдандыруу, жарыктандыруу, абанын курамы ж.б. психологиялык жактан – балдардын окуусу жана кызматкерлердин эмгектенүүсү үчүн ыңгайлуулук жана маалыматтык.

Министрдин орун басарынын айтымында, коопсуз окуу чөйрөсүн түзүүнүн негизги ченемдери жана механизмдери Кыргызстан боюнча 11 мектепте апробациядан өттү.

 

Copyright © 2017 Maral FM