Биз менен байланышыңыз

Жасалма документ саткандар кармалды

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 368 | 0

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (ЭКККК) жасалма документтерди даярдоо менен алектенген кылмыштуу топту колго түшүрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Финансы полициясынын кызматкерлери бирөөнө документ берип, акча алып жаткан жаранды кармаган. Шектүүнүн жанынан далил катары 5 миң сом табылган.

Финполдун маалыматына караганда, шектүүлөр Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Карантиндик өсүмдүктөр департаментинин кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, мыйзамсыз иштерди жасап келишкен. Тагыраагы, товарларды ЕАЭБ аймагына чыгаруу үчүн керектелген фитосанитардык сертификаттарды жана башка керектүү документтерди даярдап турушкан.

16-июнь күнү төрт шектүү кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM