Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк чыгарылат

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 491 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматы улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү даярдоо боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 75 млн 364 миң сом деп көрсөтүлгөн. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин расмий сайтында айтылат.

Эске сала кетсек, МКК 10-июндан тарта картондон жасалган айдоочулук күбөлүктөрдү бере баштаган. Ал убактылуу, тактап айтканда, октябрь айына чейин берилет.

Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамындагы өзгөрүүгө байланыштуу ушул жылдын 1-январынан тарта ата мекендик өндүрүштөн чыккан бланкаларды гана сатып алуу зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM