Биз менен байланышыңыз

Баткендин Ак-Сай айыл аймагында дагы чыр чыкты

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 932 | 0

Баткендин Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагында кыргыздар менен тажиктердин жергиликтүү бийлигинин, күч органдарынын эки тараптуу жолугушуусу болот. Бул жолугушуу чек арадагы чырга байланыштуу экенин Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Эргеш Ниязкулов «Маралга» билдирди.

«Учурда жолугушуу белгиленген жерге кыргыз тарап келдик. Күтүп жатабыз. Тажик тарап такталбаган аймакка жол салып баштаган. Чыр ошондон чыккан. Күч органдары окуяны көзөмөлдөп турат», — деди ал.

Эске сала кетсек, Тажикстандын жарандары Исфара-Ворух жолунун такталбаган аймагына асфальт төшөп башташкан. Кыргыз айылдарынын жашоочулары буга нааразы болушуп, токтотууну талап кылышкан. Эки тараптан адамдар чогулуп, тиреш башталган.

Окуя болгон жерге эки тараптан тең милиция, чек ара кызматы келишкен.

Кырдаалды чек ара кызматы көзөмөлгө алганын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Учурда абал тынч. Жергиликтүү бийлик эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM