Биз менен байланышыңыз

«ЖИА» Казакстан менен бир канча тармакта кызматташат

Коом | 17 Июн 2019 | 874 | 0

14-15-16-июнь күндөрү Кыргызстандын ишкерлери Казакстандын Алматы шаарына иш сапар менен барды. Сапардын алкагында белгилүү ишкерлер менен жакындан таанышуулар, тажрыйба алмашуулар, жана ири компанияларга саякат иштери орун алды. Аны менен катар, Кыргызстандын ЖИА бизнес ассоциациясы менен Казакстандын «First Business Community» ассоциациясы жеңил өнөр жай, IT, билим берүү жана башка багытта биргелешип иш алып баруу боюнча меморандумга кол коюшту.

ЖИА бизнес ассоциациясы уюштурган үч күндүк бизнес турдун алгачкы күнү ири компанияларды кыдыруу менен башталды. Айтсак, адегенде эле Алматыдагы «Chosofamily» IT компаниясынын иши менен тааныштык. 500дөн ашык адам эмгектенген ишкана кыргыз ишкерлерине бир топ дем берди. Аталган компаниянын менеджери Тота Сматова IT компания алты багытта иш алып барарын айтып, буларга токтолду:

— Холдингде 6 долбоор бар. Алсак, «Чоко лайф», Казакстандагы кесипкөй доктурларды онлайн таап берүү, тамак-аш, көздүн линзаларын башка мамлекеттен буйрутма менен алып келип берүү, ошондой эле, бардык төлөмдөрдү онлайн режимге өткөрүү боюнча жакында ачылган — «Рахмат» долбоору. Дагы бир долбоорду баса белгилеп кетсем, бул —  авиабилеттерди интернет аркылуу сатып алуу долбоору. Бул багыттагы долбоорубуз учурда ийгиликтүү жүрүп жатат. Себеби, дароо күчтүү атаандаштардын катарына кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, учурда калаанын 70 %ы биздин кызматты колдонуп жатышат.

Казакстанда биздеги ЖИА бизнес ассоциациясы сыяктуу, «First Business Community» ассоциациясы бар. Аталган ассоциациянын төрагасы Асет Жумакулов уюшулганына эки гана жыл болсо да, көп иштер жасалганын сыймыктануу менен айтып берди. Учурда 80дей ишкердин башын бириктирип, казак элине көптөгөн кайрымдуулук иштер жасалып жатканын кошумчалады.

— Ассоцияциянын ачылганына эки гана жыл болду. Бизде 80дей адам эмгектенет. Биз 35 жашка чейинки гана жаш ишкерлерди алабыз. Себеби, бири-бирибизди түшүнүүдө кыйынчылыктар жаралбайт. Эки жылда көптөгөн долбоорлорду жасаганга үлгүрдүк. Алсак, ДЦП менен жабыркаган балдарга көмөк көрсөтүп, атайын дарылануучу жай куруп бердик. Азыр ал оорукананын жанына эс алуучу жай салып берүүнү мерчемдеп жатабыз. Казакстандагы майып балдарга, жакыр үй-бүлөлөргө биз тараптан жардамдар тынбай берилип турат. Биз мамлекеттен бир теңге да албайбыз. Мындан улам, сиздерде: «Андай болсо, мынча долбоорду каржылоого каражаттар каяктан табылып жатат?» — деген суроолор пайда болушу мүмкүн. Айта кетейин, буга өлкөбүздөгү ишкерлердин салымы зор. Ошолордун жардамы менен долбоорлор ишке ашып келатат.  

Ал арада, Кыргызстандан барган конокторду Казакстандык ишкерлер жылуу тосуп алып, пикир алмашышты. Алдыдагы болжолдонгон иштери менен бөлүшүштү. Ошол эле учурда тажрыйбалуу ишкерлерден кеңеш алуу иш-чарасы да уюштурулуп, ал суроо-жооптор менен коштолду.

Биз кондитер тармагын мыкты өздөштүргөн, учурда үзүрлүү эмгектенип, Алматыдагы 34 соода борборун таттуулар менен камсыздап келген Динара Ийгиликованы кепке тарттык. Динаранын бул тармакта иш алып барып жатканына быйыл 8 жылдын жүзү болот. Бул аралыкта кыйынчылыктардын көп болгонун, ийгиликке кантип жеткенин айтып берди.

Мындан сегиз жыл мурун Алматынын базарларында чакчак таттуусу жокко эсе эле. Ушундан улам идея келип, өндүрүмүбүздү чыгара баштадык. Алгач үч гана жумушчубуз бар болчу. Бизнесибизди чакан жайдан баштаганбыз. Акырындык менен көп кардар таптык. Бирок бир эле багытта же бир эле нерсени өндүрө берген болбойт экен. Ошон үчүн Совет доорундагы таттууларды эстеп, булочкалардын ар кайсы түрлөрүн коштук. Азыр кондитердик азыктын 40ка жакын түрүн 34 чоң дүкөнгө тапшырабыз.

Кыргызстандын ишкерлерин жетектеп барган ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыровдун пикиринде, ишкерлердин башка мамлекеттин бизнес багытында эмгектенген инсандары менен пикир алмашуусу ийгиликке жетелейт. Бөтөнчө коңшу Казакстан менен иштер чогуу жасалып, кызматташуу тыгыз болсо, эки мамлекеттин дүйнөлүк аренага таанылуусу бат болорун баса белгилейт.

— Биз чет өлкөгө ишкерлерди көп алып чыгабыз Маселен, ал жактын дасыккан ишкерлери менен жолугушуулар жүрүп, жасаган эмгектеринен сабак алабыз. Биз жаш мамлекет болгондуктан, тажрыйба алмашуулар байма-бай жүрүшү керек. Антпесек, бир да багытты багындырууга мүмкүнчүлүгүбүз болбойт. Казакстанга болгон 3 күндүк сапардын алкагында көптөгөн ишкерлер менен жолугушуулар жүрүп жатат. Биз интернеттен гана окуган компанияларды өз көзүбүз менен көрүп, алардын ашканасы менен жакындан таанышуулар жүрдү. Бул убакыттар да текке кеткен жок десек болот.

Алматыга болгон иш сапар Кыргызстандан барган жаш ишкер Санира Исмаилова үчүн бир кыйла жемиштүү болду. Ал үч күндүк сапарда көп деле өзгөрүү болоруна анчейин ишенкиребей келсе да, болжолунан да алда канча арбын маалыматка ээ болуп, бир топ тажрыйба топтой алды.

— Мен бул убакытка чейин көп эле бизнес менен алектенип келгем. Бирок кандайдыр бир эмгек жаратууда IT тармактын ролу чоң экенин ойлонбопмун. Муну Алматыга болгон сапардан улам билип жатам. Көптөгөн эргүүлөрдү алдым. Жаңы пландар коюлду, Кыргызстанга барганда ишке ашырганга аракет кылам.

Иш сапардын соңку күнү Казакстандын тарыхый жери Тамгалы-Таста өттү. Ал жерде ишкерлер ортосунда оюн-мелдештер болуп, тажрыйба алмашуу, болочок мерчемдер сүйлөшүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ЖИА бизнес ассоциациясы менен Казакстандын «First Business Community» ассоциациясы жеңил өнөр жай, IT, билим берүү багытында биргеликте иш алып баруу боюнча меморандумга кол коюшту.

Copyright © 2017 Maral FM