Биз менен байланышыңыз

«Атамбаевдин жакшы жагын алып, жаманын унутуу зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Июн 2019 | 509 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бир топ эл өкүлдөрүнүн парламентке келүүсүнө салым кошконун ойлоп, ою оңунан чыкпай калганына жаны кашайып, парламентти сындап жаткан болушу ыктымал. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевдин айткан сөздөрү күтүлүп жаткан. Анын жакшы жагын алып, жаманын унутууга аркет кылуу зарыл. Жакшы салтты калыптантуу өлкө элинин жашоосун жакшыртат, экономика өсөт. Башка улуттарда да Кыргызстанга карата урмат-сый артат.

«Экс-президент мага: «Мен ушундай сүйлөп жүрүп Атамбаев болгом», — деп айткан. Андыктан, Атамбаевдин сүйлөө стилин табыгый көрүнүш катары кароого болот. Атамбаев бийликте турганда, ага кайра-кайра кирип тургандар сөгүш эшитип, курсакка жеп чыгышканын айтып калышчу. Атамбаевдин башкача тактикасын күткөн эмесмин. Эми эсептешүүлөргө өтсөк туура болбойт. Эсептешип өч алууга өтпөй, жакшылыгын өркүндөтөлү деген саясат жүргүзгөн жакшы», — дейт Турсунбеков.

Анын билдиргенине караганда, экс-президентке маалыматтар башка тараптан түшүп турган. Турсунбековду Атамбаевге жаман көрсөтүүгө кызыкдар адамдар болгон.

«Атамбаевдин күчүн пайдаланып келгендер өздөрүнүн тобун биринчи планда кармоого аракет кылат. Бул бардык жерде болот. Азыркы бийликте да ушундай. Бийликте бирөө кошомат менен, экинчиси өзүнүн көз карашы менен жүрөт. Таштандыга ташталып калган депутаттарды да көрүп жатасыңар», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM