Биз менен байланышыңыз

«Парламент таркайбыз десе, каршы болбойм»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Июн 2019 | 614 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков «Марал» радиосуна берген маегинде «Парламент таркайбыз десе, мен каршы болбойм», — деди.

«Парламентти таркатып, ордуна кайра шайлоо өткөрүү үчүн коомдун бардык катмары, саясий күчтөр даярбы? Бир жыл үчүн кошумча чыгымдын кажети барбы?» — деген суроону койгондор бар», — дейт Турсунбеков.

Эл өкүлү Кыргызстан толук парламенттик башкарууга жете электигин эске салып, мурда коомдогу көйгөйлөр боюнча президенттер сынга кабылса, учурда мындай чабуул парламентке өткөнүн белгиледи. Бирок өкмөттө да, парламентте да кемчилик бар экенин билдирди.

Турсунбеков учурда парламентте «аба ырайы» абдан ысык экенин айтып өттү.

«Акыркы жылдары кандай жаман нерсе болсо, күнөөлүү катары ЖК көрсөтүлгөнү байкалууда. Депутаттарды жеп коёюн деген адамдар көп. ЖКны парламентке өтпөй калган партиялар да таратууга кызыкдар. Эми парламент коомдо көйгөй жараткан маселелерди көтөрүп чыгып, күнөөлүүлөрдү көрсөткөндө гана эл өкүлдөрүнүн аброю көтөрүлөт», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM