Биз менен байланышыңыз

6 млн сомдук жүктү аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 405 | 0

«Чалдыбар — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен  6 млн сомдук жүктү аткезчилик жол алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

15-июнда аталган көзөмөл-өткөрмө бекетинен 1984-жылы туулган Т. Н. аттуу Казакстандын жараны башкарып бара жаткан «Mercrdes Sprinter» маркасындагы унаанын салонунан Кыргызстандын акциздик маркасына дал келбеген жана тийиштүү документи жок 4 млн 830 миң сомдук тамеки табылган.

16-июнда ошол эле көзөмөл-өткөрмө бекетинен тиешелүү документтери жок жалпы суммасы  1 млн 75 миң сомдук автоунаа тектиктерин Кыргызстанга алып өтүүгө аракет кылган факты аныкталган.

Эки факты боюнча тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин, тиешелүү Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM