«Чалдыбар — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 6 млн сомдук жүктү аткезчилик жол алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.
15-июнда аталган көзөмөл-өткөрмө бекетинен 1984-жылы туулган Т. Н. аттуу Казакстандын жараны башкарып бара жаткан «Mercrdes Sprinter» маркасындагы унаанын салонунан Кыргызстандын акциздик маркасына дал келбеген жана тийиштүү документи жок 4 млн 830 миң сомдук тамеки табылган.
16-июнда ошол эле көзөмөл-өткөрмө бекетинен тиешелүү документтери жок жалпы суммасы 1 млн 75 миң сомдук автоунаа тектиктерин Кыргызстанга алып өтүүгө аракет кылган факты аныкталган.
Эки факты боюнча тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин, тиешелүү Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.