Биз менен байланышыңыз

Депутаттык комиссия Алмазбек Атамбаевге бир топ айыптоолорду айтты

Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 693 | 0

Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын экс-президенти макамынан ажыратылгандан кийин гана жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Ошондуктан, адегенде мына ушул маселенин башын ачып алуу зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын кезектеги жыйынында билдирди.

Ал эми депутат Талант Мамытов демилгечилер тобунун Жогорку Кеӊештин төрагасына жазган кайрылуусу менен тааныштырып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик ыйгарым укуктарын аткарып жаткан учурда көптөгөн мыйзам бузууларга жол бергенин белгиледи.

«Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда, 123 чет өлкөлүк адамга, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнө ок атуучу куралдарды тартуулаган. Мындай жосундар улуттук мыйзамдардын жоболоруна кайчы келет», — деди Талант Мамытов.

Ошондой эле, депутаттык топтун кайрылуусунда Атамбаев мамлекет башчысы болуп турганда, анын катышуусу менен «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганы, анын кирешелери менен чыгашалары жөнүндөгү декарациясында аталган мүлктөр ээлик кылган мүлктөрүнө дал келбей турганы, ал башында турган Бишкек ЖЭБин реконструкциялоонун жүрүшүндө өлкөгө ири көлөмдөгү зыян келтирилгени тууралуу бир топ маалыматтар камтылган.

Андан тышкары, Алмазбек Атамбаевге жерди транформациялоого мораторий жарыяланганына карабастан, 39,65 гектар жерди мыйзамсыз жайыт категориясына которткону, «Дастан» ишканасынын айрым жетекчилеринин көмөгү менен Арашан айыл аймагынан жерди алып, анда жеке турак жай салганы, кышка даярдык мезгилинде анын Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыз кылуу ишине аралашканы, президенттик шайлоо өнөктүгүндө шайлоо ишине аралашуу менен Башмыйзамдын талаптарын бузганы жөнүндө ой-пикирлер да айтылды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин атайын убактылуу комиссиясы 13-июнда «КР Президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесинде «Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» мыйзамдын 33-беренесине таянуу менен түзүлгөн, иштөө мөөнөтү – 7 күн.

Комиссия курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков бар.

Copyright © 2017 Maral FM