Биз менен байланышыңыз

Нурсултан Кубанов Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болду

Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 644 | 0

Нурсултан Кубанов Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

«Perspective» эл аралык тил борборунун негиздөөчүсү Нурсултан Курбанов буга чейин Билим берүү жана илим министрлигиндеги эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн ыйгарым укуктарын өзүнүн командасына өткөрүп берүүнү «Фейсбук» баракчасы аркылуу өтүнгөн. Ошондой эле, Билим берүү министрлиги 24 жылдан бери 6 эле мамлекетке бюджеттик негизинде студенттерди жибере турганын, ал эми Казакстандын 24 мамлекет менен келишими бар экенин айтып, «Билим берүү тармагында реалдуу реформалар качан болот?» — деген суроо берген.

«Мен билим берүү министрлигинин атынан барып, мамлекетке миңден ашык квоталарды алып келүгө кепилдик бере алам. Аймактагы жаштарга мүмкүнчүлүк түзүш керек. Тажрыйбам да, билимим да жетет!,» — деп кайрылган Нурсултан Кубанов.

Берген маалыматтарына таянсак, ал Кыргызстандын студенттерине квота алуу үчүн үч жылдын ичинде бир нече келишимге кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM