Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз темир жолу» мамлекетке 69 миллион сом зыян келтирүүгө шектелүүдө

Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 451 | 0

Улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы «Кыргыз темир жолу» ишканасынын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун сатып алуудагы сынакта мыйзам талаптарын бузган фактыларды таап чыкты. Мындай кабарды УКМКнын коомчулук менен байланыш кызматы бүгүн таратты.

УКМК Коррупциягы каршы кызматынын материалдарынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн Транспорт жана жол министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы» мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери тарабынан жалпысынан 432 млн. сомго 150 даана универсалдуу темир жол вагондорун сатылып алынган. Сатып алуу боюнча өткөн сынакта мыйзам талаптары бузулган.

Такталгандай, мамлекеттик сатып алуу тартиптерин Кыргыз темир жолу улуттук компаниясынын айрым кызматкерлери мыйзамды бузуп, бюджеттик каражаттары үнөмсүз пайдаланган.

Жыйынтыгында, башка катышуучулардын сунуштары жана жарым-вагондорду 35 миң АКШ доллар баасында жеткирүүнү сунуштаган, базарда темир-жол товарларын өндүрүүчү алдыңкы заводдордун сунуштары тендердик комиссия тарабынан четке кагылган. Ал эми 41 миң АКШ доллар баасында жеткирүүнү сунуштаган, чыгашалуу ортомчу компания тендердин жеңүүчүсү болуп табылган.

Муну менен бирге, тендердик комиссия тарабынан техникалык өзгөчөлүктөр талабы да каралган эмес. Мисалы «12-132» үлгүсүндөгү кузовунун көлөмү 88м3 болгон жарым-вагондун ордуна, «12-9796» үлгүсүндөгү кузовунун көлөмү 78м3 болгон жарым-вагон сатылып алынган.

Натыйжада «Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы» мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери аталган келишимди түзүп, аны ишке ашыруу менен мамлекеттик бюджетке 69 млн сомдон ашык зыян келтиришкен.

Белгилей кетсек, «Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы» мамлекеттик мекемеси тарабынан аталган темир-жол жарым-вагондорун сатып алууда Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан кредиттик эсепке түшкөн акча каражаттары колдонулган.

Азыркы убакта УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM