Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Октябрь райакимчилигинин кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 401 | 0

Бишкек шаарынын Октябрь райондук акимчилигинин кызматкери 14 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Окуя 10-июнда болгонун Финансылык чалгындоо мекемесинин маалымат кызматы бүгүн билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган кызматкер Бишкек шаарындагы базарлардын биринде соода-сатык менен алектенген жарандардан «Соодаңдын жакшы жүрүшүнө шарт түзүп берем», — деп, ай сайын акча алып турганы аныкталган.

Финчалгынга ишкер адам кайрылып, акимчиликтеги экономика жана каржы секторунун башчысы ай сайын акча талап кылып келатканын айткан.

Кармалган жарандын кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жалпы соодагерлерден ай сайын 100 миң сомдон топтоп алып турганы далилденди.

Кылмышка шектүү кызматкер Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалды. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM