Биз менен байланышыңыз

Дүйнө жүзүндө 244 миллион мигрант бар

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 665 | 0

Дүйнөдөгү өлкөлөр боюнча, 2018-жылы 200 миллион эмгек мигранты өз мекенине 528 миллиард доллар акча которгон. Сумманын көпчүлүгү иши жок, жаштары чет жактарга чыгып кеткен четки айыл аймактарына жиберилген. Бул тууралуу эл аралык үй-бүлөлүк акча которуулар күнүнө карата БУУ билдирди.

2018-жылы дүйнө жүзүндөгү мигранттардын жалпы саны 244 миллионду түзгөн. Алардын 200 миллиону кара жумуштарда эмгектенишет.

Бир аз убакыт мурда мигранттардын өлкөгө кошкон салымы эсепке алынбай келген. Кийинчерээк серепчилер изилдөөлөрү аркылуу мигранттардын акча которуусу өлкө экономикасына чоң салым кошорун аныкташкан.

Маалыматка ылайык, которулган акчанын 75 %ы муктаждыкты толтурууга, тагыраагы, азык-түлүк сатып алуу, турак жайдын чыгымдарын төлөө сыяктуу иштерге жумшалат.

Copyright © 2017 Maral FM