Биз менен байланышыңыз

Гонконгдун жүз миңдеген тургундары кайрадан нааразылык акциясына чыгышты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июн 2019 | 429 | 0

Гонконгдун жүз миңдеген тургундары кайрадан жарандарды Кытайга экстрадициялоого каршы нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу South China Morning Post газетасына таянып РИА Новости жазды.

Буга чейин бийлик мыйзам долбоору боюнча иш белгисиз мөөнөткө жылдырылганын билдирген болчу.

Civil Human Rights Front укук коргоо уюму билдиргендей, акциянын катышуучулары Гонконг бийлиги жарандарды Кытайга экстрадициялоодон толугу менен баш тартпагандыктан, Гонконгдун өкмөт башчысы Кэрри Ламдын отставкага кетүүсүн талап кылып, Виктория паркына чогулушкан. Демонстранттар кара футболка кийишип, колдоруна ак гүл көтөрүрүп чыгышты.

Эске салсак, буга чейин  да жарандарды Кытайга экстрадициялоого каршы нааразылык акциясына жүз миңдеген адам чыгып, полиция менен кагылышып, жыйынтыгында 72 адам ооруканага жеткирилип, 11 адам башаламандык жараткандыгы үчүн кармалган болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM