Биз менен байланышыңыз

Сауд Арабиясы мунай танкерлерине жасалган чабуул үчүн Иранды айыптады

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июн 2019 | 759 | 0

Сауд Арабиянын мураскер падышасы Мухаммед бен Сальман аль-Сауд «Aschark al-Ausat» басылмасына берген интервьюсунда Осман булуңундагы мунай танкерлерине жасалган чабуул үчүн Иранды айыптап, эл аралык коомчулукту чечкиндүү позицияда болууга чакырып, өз элин коркунучтардан сактоого даяр экендигин билдирди.

«Ирандын бийлиги Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин Тегеранга болгон сапарын сыйлаган жок. Ал Иранда жүргөндө эки танкерге кол салды. Алардын бири япониялык болчу«, — деп Мухаммед бен Сальман айтканын Рейтер агентствосу жазды.

Ошол эле учурда, Мухаммед бен Сальман өз өлкөсү аймакта согуш болушун каалабай турганын, бирок элин коркунучтан сактай турганын,  өлкөсүнүн кызыкчылыгын жана эгемендигин когойтурганын кошумчалаган.

Осман булуңунда 13-июнда Front Altair жана Kokuka Courageous мунай танкерлерине чабуул болгон.

Ошондой эле, буга чейин АКШ жана Улуу Британия өткөн бейшембиде мунай ташыган танкерлерге болгон кол салууга Иранды айыпташкан. Бул боюнча Ирандын Тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф танкерлерге болгон кол салууга Ирандын эч кандай тиешеси жок экендигин билдирген.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM