Биз менен байланышыңыз

Индиянын түндүк-чыгышында күндүн катуу ысышынан 29 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июн 2019 | 1023 | 0

Индиянын түндүк-чыгышындагы Бихар штатында бир айдан бери күндүн катуу ысышы бери дегенде 29 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Times of India гезити жарыялады.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун 25и Аурангабад аймагынын тургундары болгон, калган 4 киши Навада жана Гайя аймактарынын жашоочулары. Мындан сырткары күндүн ысык аптабынан 30 адам ооруканага жеткирилген.

Бихар штатында бир нече жумадан бери абанын температурасы 40 градустан түшпөй келет. Индиянын борбор шаары Нью-Делиде 10-июнь күнү абанын температурасы 50 градусту көрсөтүп, тарыхындагы эң жогорку температураны көрсөткөн.

Синоптиктердини билдирүүсү боюнча Индиянын түндүк жана борбордук аймактарында дагы 30 күндөй жогорку температура сакталып турат.

Copyright © 2017 Maral FM