Биз менен байланышыңыз

Ички дүң өндүрүм 5,6 пайызга өстү

Кыска кабар | 16 Июн 2019 | 737 | 0

Ушул жылдын январь- май айына карата Ички дүң өндүрүм өткөн жылдын январь-майына салыштырмалуу 5,6 пайызга өсүп, 184 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

«Кумтөр» ишканасын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 161,2 млрд. сом өлчөмүндө түзүлүп, өткөн жылдын январь-майына салыштырмалуу 1,5 пайызга жогорулады.

ИДӨнүн өсүшү негизинен өнөр жай, айыл чарба, курулуш тармактары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды.

Муну менен бирге товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-майына салыштырмалуу  – 112,0 %ды, ал эми кызмат көрсөтүү тармактары – 101,1 %ды түздү.

 

Copyright © 2017 Maral FM