Биз менен байланышыңыз

Экс-башпрокурор Аида Салянованы камактан ооруканага алып келишти

Кыска кабар | 15 Июн 2019 | 618 | 0

Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жаткан Аида Салянованы бүгүн Бишкектеги Улуттук кардиология борборуна алып келишти. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Аида Салянованын жүрөгү аппаратка тартылат. Мындан улам, аны ооруканага алып барышкан.

«Аида Салянованы Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборуна алып кетишти. Анын жүрөгүн аппаратка салуу планы бар болчу. Эгер врачтар консилиуму ооруканага жаткырылат десе, анда жаткырылат. Жок, абакта эле дарысын ичип, дарылануусун уланта берсин дешсе, анда тергөө абагына кайра алынып келинет», — деди Элеонора Сабатарова.

Аида Салянова 2013-жылы «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулганы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде ушул жылдын 3-июнда камакка алынган.

5-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Салянованы 26-июнга чейин №1 тергөө абагында калтыруу боюнча чечим чыгарган.

Ал эми 12-июнда Бишкек шаардык соту бул маселени карап, Биринчи Май райондук сотунун чечимин негиздүү деп тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM