Биз менен байланышыңыз

ЖАМК жана Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлерине жаңы батирлер тапшырылды (сүрөт)

Кыска кабар | 30 Дек 2019 | 644 | 0

Бүгүн, 30-декабрда, Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчылары жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери жаңы батирлердин ачкычтарын алышты. Аларды жаңы конушу менен Президент Сооронбай Жээнбеков  куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын катышуусу менен Бишкек шаарынын 12-кичи районунда аскер кызматкерлери жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Молдовановка айылында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери үчүн турак жайларды тапшыруу аземи болуп өттү.

Президент аскер кызматчыларын кубанычтуу окуя менен куттуктап, бул Жаңы жылдын астында болуп жатканы символикалуу экендигин, аскер кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртууга мындан ары да өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи.

Мекенге кызмат кылууга бекем туруп, чын ниети менен кызмат кылгандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент ар бир үйгө 200 миң сомдук сертификаттарды тапшырып, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү менен баарлашып, аларды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады жана чын ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалады.

Ушул жылда Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн 265 батирлүү 9 үй курулган.

Copyright © 2017 Maral FM