Бишкек мэриясында №87 орто мектепте болгон кайгылуу окуядан кийин директор убактылуу кызматынан четтетилди. Мындай чечим Бишкек мэриясында аталган окуянын жагдайларын иликтөө боюнча комиссиянын жыйынында кабыл алынган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Мектепте эс-учун жоготкон 5-класстын окуучусу Гүлзейнеп Галбаева кардиологиялык ооруканага кетип бара жаткан жолдо каза болгон, ал жүрөк оорусу менен жабыркаган. Кыздын апасы Обагүл Идрисова мэрияга окуянын бардык жагдайларын иликтөө үчүн кайрылган.

Жаңы түзүлгөн комиссиянын курамында медиктер, педагогдор, атайын кызматкерлер жана укук оргоо органдарынын кызматкерлери бар. Комиссия жакындарынын бардык дооматтарын жана билдирүүлөрүн, мектеп администрациясынын түшүндүрмөлөрүн, ошондой эле медициналык консультацияны изилдейт.

Комиссия кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу жана бардык жагдайларды изилдөө максатында №87 мектептин директору Жаңыл Исанованы убактылуу кызматтан алуу чечими кабыл алынды.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 11-мартында Бишкекте ооруканага бараткан жолдо №87 мектептин 5-классынын окуучусу 2009-жылы туулган Гүлзейнеп Галбаева каза болгон. Анын туугандары соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүгө каршы болушкан. Бирок, кийин кыздын апасы мектептин жетекчилигин шалаакылыкка айыптаган.