Биз менен байланышыңыз

Текебаев ооруканага жаткырылды

Кыска кабар | 1 Июн 2019 | 383 | 0

«Ата Мекен» партиясынын лидери, абактагы Өмүрбек Текебаев кечээ №47 түзөтүү жайынан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечимин аткаруу боюнча абактагы Өмүрбек Текебаевдин ден соолугунун абалын көзөмөлдөө, текшерүү жүргүзүү жана дарылоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан медициналык комиссия түзүлгөн.

Буга байланыштуу Текебаев ден соолугун текшерүүдөн өткөрүү үчүн Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган.

«Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Текебаев жана Чотонов айыптарды четке кагып, муну саясий куугунтук катары баалап келишет.

Ушул жылдын 3-майында Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, аларга карата чыккан сот өкүмдөрүн өзгөртүүсүз калтырган.

Copyright © 2017 Maral FM