Биз менен байланышыңыз

Юристтер «Аида Салянова акталууга тийиш» деп Жогорку Сотко кайрылды

Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 543 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Саляновага байланышкан сот процесси болот. Кечээ жүздөн ашык юридика илимдеринин докторлору, кандидаттары жана кесипкөй юристтер экс-депутат, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши боюнча Жогорку сотко кайрылуу жолдоду.

Бул тууралуу “Маралга” Аида Салянова өзү билдирди.

Кайрылууда укук илимдеринин адистери бул иш саясий мотивде козголгонун эскертишип, Аида Салянова акталууга тийиш экенин белгилешкен.

Бул иш жаңы мыйзамдардын кабыл алынгандыгына байланыштуу каралып жатат. Аларга ылайык, Аида Салянованын иш-аракетинде  жөн эле зыян эмес, олуттуу зыян далилдениши керек. Андай зыян далилденген эмес. Ошондуктан Аида Салянова акталууга тийиш! — деп айтылат юристтердин кайрылуусунда.

Кайрылууга жүздөн ашуун юрист кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM