Биз менен байланышыңыз

Индия эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырууга 200 млн. доллар насыя бөлөт

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 454 | 0

Биз Кыргыз-Индия бизнес-форуму жана жеңил өнөр жай көргөзмөсү Кыргызстан менен Индиянын ортосунда байланыштарды өнүктүрүүгө ишенимдүү кадам болуп саналат. Мындай пикирин бүгүн, 14-июнда Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга жасаган расмий визитинин алкагында уюштурулган кыргыз-индус бизнес форумунда билдирди.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырууга Индия тарап 200 млн. доллар насыя бөлө турганын маалымдады.

Эске салсак, Индия менен 2018-жылга карата товар жүгүртүүнүн көлөмү 37 млн. долларды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM