Биз менен байланышыңыз

Имран Хан: ШКУ бирдиктүү валюта менен соодалашууга өтүшү керек

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 726 | 0

«Бир алкак — бир жол» эл аралык форуму абдан маанилүү демилгелердин бири болуп саналат. Мындай пикирин бүгүн, 14-июнда Бишкекте өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынында Пакистандын премьер-министри Имран Хан билдирди.

«Биз ШКУнун үй-бүлөсүндө жаңы болгонубузга карабай, өзүбүздүн позициябызды бекемдедик. ШКУ – бул, тарыхый байланыштардын заманбап чагылдырылышы. Пакистан Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия жана Кытайдын ортосунда маанилүү байланышты камсыз кылат. Пакистандын калкы 200 миллиондон ашат. Бизде адамдык ресурс жана чоң базар бар. Көптөгөн табигый ресурстар, айыл чарба өндүрүмдөрү жана сапаттуу инфратүзүм бар» — деди Пакистандын премьер-министри Имран Хан.

Ал ошондой эле, Кытай тараптан демилгеленген «Бир алкак — бир жол» эл аралык форуму өлкөлөрдүн интеграциясы үчүн маанилүү кадам болуп эсептелгенин кошумчалады.

Ошондой эле, ал соодалашууда бирдиктүү валюта колдонууга жетишүү керек экенин кошумчалады.

Мындан сырткары, санариптик, маданий жана туристтик ар кандай байланышты жакшыртуу боюнча ар түрдүү демилгелерди макулдашуу зарылчылыгын белгиледи. Ошондой эле, ШКУга мүчө мамлекеттер үчүн туристтик коридор түзүүнү сунуштап, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу зарылчылыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM