Биз менен байланышыңыз

ШКУ: Индия күндөн энергия алуу жаатында кызматташууга чакырды

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 635 | 0

Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди Бишкекте өтүп жаткан ШКУ саммитинде «Индия мындан эки жыл мурун ШКУга толук мүчө болуп кирген. Мындан ары да бул уюмдун эл аралык коомчулуктагы ордун жана ролун кеңейтүү үчүн Индия ШКУдагы мүчөлүгүн уланта бермекчи» — деп билдирди.

Ал өз сөзүндө, Индия телемедицина жана медициналык туризм жаатында өз тажрыйбаларын ШКУга мүчө өлкөлөр менен бөлүшүүгө даяр экенин белгилеп өттү.

«Индия экономикалык кызматташтыкты бекемдөө үчүн телемедицина жана медициналык туризм жаатында тажрыйбасын үйрөтүүгө кызыкдар. Протекционизм эч качан, эч кимге пайда алып келген эмес. Биздин карым-катнашыбыз Дүйнөлүк туризм уюмунун алкагында дайыма ачык жана айкын болушу керек. Бул нерсе жаңы өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн өтө маанилүү. Индия айрыкча санариптешүү жана альтернативдүү энергия булактары жана климаттын өзгөрүшү багытында кызматташтыкты күчөтүп, тийиштүү чечим жана документтерге кол коюуну жактайт. Учурда Индия күндөн энергия алуу жаатында дүйнөдө алтынчы орунда турат. Ошондуктан, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн бул тармакка маани берүүгө чакырабыз. Бүгүнкү жыйындын алкагында биз айлана-чөйрөнү коргоо боюнча да концептуалдык документке да кол коебуз» — деди Моди.

Маалым болгондой, бүгүн Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын жыйыны өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM