Биз менен байланышыңыз

Орусияда дагы бир кыргызстандык кыз көз жумду

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 479 | 0

Орусиянын Москва шаарында 18 жаштагы кыргызстандык Гүласал аттуу кыз сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү маалымдады.

Ал кесиптештери менен Строгино метросунун аймагында эс алып жатып, Москва дарыясына чөгүп кеткенин күбөлөр билдирген.

«Сууга түшүп эле чыкпай калган. Сүзгөндү билбейт экен. 20 мүнөттөн кийин куткаруучулар алып чыгып, өмүрүн сактай алышкан эмес», — дейт күбөлөр.

Маркум Жалал-Абад облусунун Сузак районунан экени аныкталды. Сөөгү бүгүн Кыргызстанга жөнөтүлөт.

Маалыматка караганда, ал эки жылдан бери Москвадагы кытай кафесинде иштеп жүргөн.

Бул — акыркы аптада Орусияда кыргызстандык кыз кырсыкка учураган экинчи учур. Дүйшөмбү күнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 17 жаштагы кыргызстандык кыз апасы, эжеси менен бирге турган Пушкин районундагы Колпин шоссесинин 34/1 дарегиндеги үйдүн тогузунчу кабатында терезе жууп жатып кулап кеткен.

Анын мээси чайкалган, көкүрөгү, буттары жана оң акыреги сынып кеткен. Дарыгерлер абалын оор деп баалаган.

Copyright © 2017 Maral FM