Биз менен байланышыңыз

Башпрокуратура Бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 16,5 миллиондой сом которду

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 381 | 0

Башкы прокуратура Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги акча которууларды жүргүздү. Бул тууралуу өлкөнүн башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы кабарлады.

Бул ирет 16 миллион 422 миң 556 сом 46 тыйын которулган. Которуулар экономикалык жана кызматтык мыйзам бузуулардан мамлекетке зыян келтирген кылмыш иштерден өндүрүлгөн каражаттарды эсепке алуу жана сактоо үчүн жүргүзүлөт.

Казына системинде Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылгандан бери которулган каражаттардын жалпы суммасы 409 миллион 842 миң 752 сом 36 тыйынды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM