Биз менен байланышыңыз

Кытай Кыргызстанга металлургиялык завод салат

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Июн 2019 | 826 | 0

«Кыргызстан-Кытай» бизнес форумунда Кыргызстанга ири металлургиялык завод куруу боюнча 500 млн. долларлык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, металлургиялык заводдо баалуу металлдар иштелип чыгат. Ишкана бир гана Кыргызстанды эмес, бүтүндөй Орто Азияны камтыйт.

«Даярдалган баалуу металлдардан товардык биржа негиздөө ниетибиз бар. Биржада айланчу каражаттын жалпы көлөмү 1.5 млрд. долларды түзөт. Кийин товардык биржаны башка өлкөгө сатабыз», — дейт Адылбек уулу.

Ал өлкөдө таза суу, канализация, таштандыларды кайра иштетүү боюнча көйгөлөр бар экенин белгилеп, аларды жоюу үчүн кытайлык ишкерлер мамлекеттик-жеке өнөктөштүк же тикелей инвестициялоо боюнча ишканаларды ачуу демилгесин көтөргөнүн жана бул багытта 400 млн. долларлык меморандумга кол коюлганын маалымдады.

Белгилей кетсек, 13-июнда «Кыргызстан-Кытай» бизнес форуму болуп өтүп, жыйынтыгында 7,7 млрд. долларлык 24 документке кол коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM