Биз менен байланышыңыз

Шумкарбек Адылбек уулу : Орусиянын Инвестиция фонду менен иштешебиз

Күн чабыт | 29 Мар 2019 | 1300 | 0

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында 17 келишимге кол коюлду. Мында тараптар негизги басымды соода-экономикалык кызматташтыкка жасашканын айтышты. Ишкердик жаатында бизнес-форум да орун алып, меморандумдар, келишимдер түзүлдү. 2 күндүк иш-чаранын алкагында Кыргызстанга кандай инвестиция тартыла турган болду? Бул туурасында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу менен “Күн чабыт” программасында маек курганбыз.

— Шумкарбек мырза, эки күндүк иш-чара кандай өттү?

— Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарын утурлай өткөн кыргыз-орус аймактар аралык VIII конференциясында эки семинардык иш-чара болду. Биринчисинде, «Ата Мекендик өндүрүштүк товарларды Орусия аймагына кантип сатуу керек?» — деген суроонун айланасында сөз козгодук. Бул семинарда Орусиядан келген дүкөндөр тармагындагы адистер, Кыргызстандагы товарларды Орусияга кантип экспорттоого болорун айтышып, кыйынчылыктарды кеңири талкуулашты. Аталган иш-чаранын натыйжасында, биздин товарларды Новосибирск шаарына экспорттоо боюнча жалпысынан 68 млн. долларлык макулдашууга кол коюлду. Экинчисинде, Орусиядагы Кыргыз-Орус ишкерлер союзу менен биздин компания биргелешип өткөргөн жаңы форматтагы иш-чара болду. Анда компаниялардын презентациялары көрсөтүлүп, бир катар келишимдерге кол коюлду. Тактап айтсак, Кара-Балта Тоо-кен комбинатына 30 млн. инвестиция тартуу боюнча келишимге кол коюлуп, пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачуу, ал жактан токулган кийимдерди Орусияга экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. 

— Инвестиция фонду менен да бир долбоордун үстүндө иштей турганыңыздар айтылды. Бул «Кыргыз-Орус өнүктүрүү» фондуна альтернатива катары эмеспи?

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду бүгүнкү күндө ийгиликтүү иш алып барууда. А бирок, аталган фонд негизинен карызга берет. Биз Орусиянын Инвестиция фонду менен тикелей кызматташып, карызга эмес, үлүшкө берүү боюнча сүйлөштүк. Аталган тарап бул багыттагы ишке 100 млн. доллар бөлүүгө даяр экенин билдиришүүдө. Долбоор ишке ашып калса, кыргыз ишкерлерине же Орусиядан келип бизнес кылам деген инвесторлорго кошумча финансылык жаңы механизмдер иштелип чыгат.

Президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба тармагына да токтолду. Бул тармакка кызыккан инвесторлор болдубу?

— Айыл чарба тармагына кызыккандар абдан көп болду. Бул тармак боюча да өзүнчө тегерек үстөл өтүп, ири суммадагы келишимдерге кол коюлуп, сүйлөшүүлөр жүрдү. Жыйынтыктап айтарым, Орусия тарап бизге аябай кызыкдар. Эмки аракет кол коюлган келишим, макулдашууларды иш жүзүнө ашырууга жумшалышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM